20.07.2018 15:49

Күйөөсүнө бычак сайган аял үй камагына чыгарылды

Күйөөсүнө  бычак сайган аял үй камагына чыгарылды

Чүй ОИИБнын мурдагы башчысы Нурлан Сарчаевге бычак сайган аялы үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Нурлан Сарчаевдин аялы Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Ага карата алгач козголгон «Бейбаштык» боюнча беренеси «Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү» беренесине алмаштырылды.

Эске салсак, Нурлан Сарчаев жубайы экөө чатакташа кетип, аялы бычак менен жарадар кылган. Кийин анын Чүй облустук ооруканада жаткандыгы маалымдалган.